Жумгал районунда 35 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 13:50
712468862_3860292070780630_5918866253852716875_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.

Анда белгилүү болгондой, 2021–2025-жылдары райондо жол тармагында 428,4 млн сомдук иштер аткарылды. 35,7 чакырым жол асфальтталып, 89 чакырым жолго шагыл төшөлдү, жалпы аянты 133 миң чарчы метрден ашык жол бетинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.