Жумгал районуна атайын техникалар тапшырылды

Аймак Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 12:10
245a1836-dccc-4207-8db4-d0d475464ce7.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. 23-июлда Жумгал районуна 8 даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын катарында 5 экскаватор, 1 грейдер, 1 жол жуучу атайын техника жана 1 таштанды чыгаруучу техника бар. 1 даана экскаватор Түгөл-Сай айыл өкмөтүнө жана ата мекендик “Шумкар” өндүрүшүнөн чыккан 1 даана таштанды чыгаруучу атайын техника Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнө пайдаланууга берилди.

Президенттин турукташтыруу жана Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуларынын эсебинен алынган бул техникаларды облус башчысы Нурбек Сатаров Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында тапшырды.