Жумгал райондук электр тармактары жаңы имараттуу болду

Аймак 15 Ноябрь 2025 12:15
582060279_18084007511476120_6414759075778506293_n.jpg
581006928_18084007577476120_4559648872199463892_n.jpg
581675992_18084007535476120_3925099350747642187_n.jpg
581844634_18084007568476120_2704028403551214041_n.jpg
581856447_18084007538476120_5037419863637183341_n.jpg
582552069_18084007556476120_2144236235421426900_n.jpg
582865989_18084007553476120_6667596364736193182_n.jpg
583732283_18084007520476120_4980495932321870674_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Жумгал райондук электр тармактарынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев катышты.

"Жумгал сыяктуу тоолуу райондордо энергетика тармагы — турмуштун негизи. Бул жаңы имарат — биздин кызматкерлерге болгон камкордуктун жана аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө болгон ырааттуу саясаттын жыйынтыгы. Энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн сапаты түздөн-түз кызматкерлердин шартынан көз каранды, ошондуктан мындай курулуштардын мааниси чоң", - деди министр өз сөзүндө.

Эки кабаттуу, жалпы аянты 360 чарчы метрди түзгөн имараттын сметалык баасы 21 млн 215 миң сомду түздү. Курулуш "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы тарабынан каржыланды.