Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Ушул жуманын аягында Европада Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин, Интерфакс жазды.
Трамп жана бир катар серепчилер белгилегендей, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу азыр көбүрөк ийгиликке жетишүүгө алып келет.
Буга чейин белгилүү болгондой, АКШ президенти Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолуккан.