Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча журналисттер үчүн уюштурулган иш-чарасында жугуштуу ооруларга карата эмдөөдөн өтүүнүн 7 артыкчылыгы аталды.
Ар бирине токтолсок, эмдөө:
- адам өмүрүн сактайт;
- ооруну жана анын күчөп кетишинин алдын алат;
- өмүр бою ден соолукта бакубат жашоонун ишенимдүү негизи;
- эмдөөдөн өткөн адамды гана эмес, бүт айланадагыларды коргоого мүмкүндүк берет;
- антибиотиктерге туруктуулуктун жайылышын чектөөгө жардам берет;
- вакциналар коопсуз жана эффективдүү;
- эгер эмдөөнү токтотсок, кээ бир инфекциялар кайтып келиши мүмкүн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча журналисттер үчүн уюштурулган иш-чарасында ооруларга карата иммунитетти жакшырта турган вакциналардын курамын өлтүрүлгөн же тирүү алсыз бактериялар жана вирустар, ошондой эле туруктуулукту жана вакциналардын эффективдүүлүгүн сактоочу компоненттер жана кошумча заттар түзөөрү маалымдалды.
Белгилей кетсек, вакцина - бул тиешелүү бир ооруларга карата иммунитетти жакшырта турган биологиялык каражаттар.