ЖРТны өлкөнүн билим сапатын аныктоочу курал катары кароого болбойт - Батракеева

Билим Загрузка... 25 Июнь 2025 18:00
1439156.6443dcfdf149dfbb8cafb5e91a180a90.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнү өлкөнүн билим сапатын аныктоочу курал катары кароого болбойт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, себеби тестирлөөгө өлкөнүн бардык окуучулары катыша бербейт.

“Жалпы республикалык тестирлөөнү жогорку окуу жайга өтөм деген гана абитуриенттер тапшырат. Окуучу мектепте жакшы окубаса дагы, ал кошумча интернеттен маалымат алышы мүмкүн, кошумча тесттик билим берүүчү курстардан окушу мүмкүн. Мындан улам алардын жыйынтыгын кайсы бир мектептин билим берүү сапатынын жыйынтыгы деп айтууга болбойт. Бирок, таптакыр эле мектептин салымы жок деп айтууга болбойт, мектептин дагы бир аз салымы бар”,-деди ал.

Батракеева белгилегендей, чет өлкөлөрдө да жалпы республикалык тестирлөө өлкөнүн билим берүү сапатын аныктоочу курал катары каралбайт.