Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга жетишпей калгандарга кошумча мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкери Азем Жээнбекова “Биринчи радиодо” билдирди.
Анын айтымында, 17-18-19-май күндөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүү күндөрү болуп эсептелет.
“Ал эми 20-май күн 2-этапка кошумча каттоо күнү болсо, 21-22-23-май тест күндөрү болуп саналат. Тестке кирүү үчүн окуучулардын жанында сөзсүз паспорттун түп нускасы, тестке кирүү талону жана көк сыялуу калем сап керектелет. Эгер кандайдыр бир себептерден улам, 17-майдан 23-майга чейин тестке катыша албай калгандар үчүн июнь айында 3-этап болот. Ошондо кайра катталып, тестке катышса болот”,- деди адис.