Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги 2026-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйылкы тестте өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө эки бүтүрүүчү жетишип, 239 упай топтоого үлгүрүштү. Алар:
- Айдай Абылаева – Нарын облусундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин бүтүрүүчүсү;
- Сезимай Акматова – Баткен облустук мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү.
Белгилей кетсек, быйыл жалпысынан республика боюнча 55 бүтүрүүчү алтын сертификат алуу укугуна ээ болду. Алар өлкөнүн жогорку окуу жайларына сынаксыз өтүү жана окуу акысынан бошотулуу сыяктуу артыкчылыктарга ээ болушат.