ЖРТ: Тесттердин сапаты жана тил өзгөчөлүгү тууралуу адистер айтып беришет

Билим Загрузка... 27 Июнь 2025 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Депутат Элдар Абакиров Жогорку Кеңештин кезектеги жыйында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына токтолуп, “Алтын сертификат” алган 54 бүтүрүүчүнүн ичинен болгону бирөө гана кыргыз тилинде тест тапшырганын билдирди. Эл өкүлү ошондой эле кыргыз тилиндеги окуу жана түшүнүү бөлүмүнүн тексттери орус тилиндегилерге караганда узунураак экендигин сынга алды. Мындан улам “Кабар” агенттиги аталган маселе тууралуу билүү үчүн ЖРТны өткөрүүчү Билимдүү баалоо жана окутуу усулдары борборунун адистерине кайрылды.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.33 (2).jpeg

Жалпы республикалык тестирлөө – бул мектеп бүтүрүүчүсүнүн жогорку окуу жайда билим алуу жөндөмүн текшерүүчү ыкма. Абитуриенттер ЖОЖдорго аталган тесттен алынган баллдын негизинде кабыл алынып, упайы жогорулар гранттык (бюджеттик) орундарга өтө алышат.

Быйылкы тестирлөөгө өлкө боюнча жалпы 56 160 бүтүрүүчү катышты, анын ичинен кыргыз тилинде тапшыргандар – 31 721, орус тилинде тапшыргандар – 24 439.

ЖРТнын жыйынтыгында 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп, “Алтын сертификаттын” ээси болду.

Бишкек шаары – 38 “Алтын сертификат”;

Жалал-Абад облусу – 4 “Алтын сертификат”;

Чүй облусу – 4 “Алтын сертификат”;

Ысык-Көл облусу – 2 “Алтын сертификат”;

Нарын облусу – 2 “Алтын сертификат”;

Ош шаары – 2 “Алтын сертификат”;

Талас облусу – 1 “Алтын сертификат”;

Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдары – 1 “Алтын сертификат”.

Билимдүү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору – Чынара Батракееванын айтымында ЖРТ Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал түзүлгөндөн бери кыргыз жана орус тилинде тест тапшырган окуучулардын жетишкендиктери боюнча ажырымдар, стандарттарга дал келүүчүлүк тууралуу ар кандай пикирлер жаралып келет.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.32.jpeg

“Тест быйыл 25чи жолу өткөрүлүп жатат. Ар жылы андагы тапшырмалар жаңыдан түзүлүп турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын карай турган болсок, Бишкек шаары борбор болгондуктан көпчүлүк убактарда жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт. Бул башка өлкөлөрдө да ушундай. Бир тарабынан алганда орус тилдүү мектептердин басымдуу бөлүгү Бишкекте, облустардын борборлорунда жана жеке мектептер дагы орус тилдүү болгондуктан ушундай тенденция жаралууда. Маселе мектептин билим берүү сапатында жана окуучунун өзүндө, билим деңгээлинде болушу мүмкүн. Дагы бир себеби – орус тилинде ресурстар көп жана кайсы бир облуста “Алтын сертификат” алгандардын саны аз болушу ошол аймактагы билим деңгээли төмөн дегенди билдирбейт. Себеби, утушка ээ болгондор тестке катышкандардын 0,1% гана түзөт. Андан башка дагы сертификат албаса дагы, жогорку баа алган көптөгөн окуучулар бар.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.34.jpeg

Ал эми тесттин стандарттарга дал келүүчүлүгү тууралуу айта турган болсом, ЖРТ системасына 3 жолу экспертиза жүргүзүлгөн. 2008-2009-жылдары өткөрүлүп, бирөөнү Жогорку Кеңеш, экинчисин Агартуу министрлиги демилгелеген. Акыркы жолу 2023-жылы сентябрь айында өткөрүлгөн. Анда окуу жана түшүнүү бөлүмүндөгү тексттердин ички мазмуну бүтүрүүчүлөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө туура келет. Тесттик тапшырмалар түшүнүктүү берилген. Кыргызча/орусча котормодо стилистикалык жактан байланышпай калган сүйлөмдөр жок. Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы бөлүмү окуу стандартына, окуу программасына дал келет деген тыянак чыгарылган. Курамы Кыргыз билим берүү академиясы, Улуттук тестирлөө борбору, ЖОЖ жана мектеп директорлору, мугалимдер ж.б. турган атайын эксперттик топ 3 күн катары менен иштеген. Алар негизгини дагы, предметтик тестти дагы карап чыгышкан. Бир да тапшырма стандарттан тышкары же түшүнүксүз деген нерсе болгон эмес.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.33.jpeg

Бир гана бүтүрүүчү кыргыз тилинде тапшырды деген маселе жалпы тестирлөөгө гана тиешелүү эмес. Себеби, бул PISA изилдөөсүнөн дагы байкалып жүрөт. Бул изилдөө дагы орус тилдүү окуучулар жакшы жыйынтыкка жеткендигин көргөзүп келет. Окуучулардын билим алуу жетишкендиктери боюнча өткөрүлгөн “4- жана 8-класстын окуучуларынын билим жетишкендиктерин улуттук баалоо” изилдөөсү дагы ушул эле жыйынтыкты көрсөткөн.

Өлкө боюнча жагдай ушундай болуп жаткандыктан, биз муну түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Тесттин жыйынтыгы жеке жыйынтык болуп саналгандыктан, ал өлкөдөгү жагдайды баалай албайт.

Тесттин башкы максаты – жакшы жыйынтык көрсөтүп, ЖОЖдорго тапшыруу. 54 баланын жетишкендигине эмес, ЖРТны тапшырган 56 160 баланын билим деңгээлине караганыбыз оң. Себеби, 2008-2009-жылдары 30-35% окуучу босого чектен өтүп жүргөн болсо, акыркы убактарда бул абал кыйла жакшырып, быйыл бул көрсөткүч 67,3%ды түздү.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.33 (4).jpeg

Ал эми окуу жана түшүнүү бөлүмүнүн тексттери узун деген таризде айта турган болсок, ЖРТда үч бөлүм бар. Мисалы, математика бөлүмүндө сөздөр дээрлик жок. Формула, эсептер менен гана берилген. Мында деле балдардын жетишкендиктеринин көрсөткүчү ошону эле көрсөтөт. Негизи тестти түзүүчүлөр аны өз ыңгайына карап кыргыз жана орус тилдеринде түзүшөт. Анан алар экинчи тилге которулуп, бир нече жолу тыкыр текшерилет”, - дейт мекеменин директору.

Ал эми Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун баалоо инструменттерин иштеп чыгуу боюнча башкы адиси Азамат Оморов тесттин мазмуну жөнүндө мындай дейт:

“Биз тестти кайсы бир жактан көчүрбөйбүз. Бул жаңылыш пикир. Тапшырмалар толугу менен өзүбүздүн эмгек. Командада 80ге жакын адис иштейт. Болгону идеяны сатып алабыз. Ал биздин интеллектуалдык менчигибизге айланып, 5 баскычтуу рецензиядан өтөт. Суроолору да ар кандай аспектиден каралат. Ар бирөөнүн сапаты – тил, окуучунун жашы жана гендердик жактан психометриялык анализден өтөт. Бул анализ тестологияда колдонулган курал болуп саналат. Андан соң ал окуучулар тестти канчалык деңгээлде ийгиликтүү аткара алды деген суроонун үстүнөн иштейт.

Орусча жана кыргызча тесттердин татаалдыгы бирдей жана бирдей деңгээлдеги тапшырмалар берилет. Максаты – баарына бирдей шарт түзүп, калыс баалап берүү.

Буга чейинки жылдарды карай турган болсок, 2019-жылы тестти кыргыз тилинде тапшырган жалал-абаддык окуучу биринчи орунду алган. Андан кийин 2020-жылы дагы кыргыз тилдүү алайлык окуучу биринчиликти багындырган.

WhatsApp Image 2025-06-26 at 19.26.33 (3).jpeg

Ошондой эле, ЖРТда бир эле текст кыргыз жана орус тилдеринде берилет. Болгону бул жердеги айырма эки тилдин өзгөчөлүгүндө. Орус тили флективдүү тилдерге кирип, сөздөрү кыска, абдан ийкемдүү болот. Ал эми кыргыз тили агглюнативдик тилдердин катарын толуктайт. Жөнөкөйлөтүп айтканда мүчөлөнөт. Сүйлөмдөрдү түзүүдө мүчө маанилүү роль ойнойт. Булар түрк тилдүү элдердин тилине тийиштүү. Андыктан, муну тилдин өзгөчөлүгү менен алмаштырбоо керек. Тилдин табияты ошондой. Кээ бир учурда тескерисинче создөрдүн саны боюнча кыргызчада сөз азыраак, орусчада көбүрөөк болот.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов бул тууралуу “2023-жылы Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна жүргүзүлгөн экспертизанын комиссиясынын курамында мен да катышып, кыргызча түзүлгөн тесттердин эки вариантын көргөм. Ал жерден окуучулар түшүнө албай турган тексттерди кездештирген эмесмин, - деди.