12 жылдык билим берүү: 40 миңден ашык мугалим окутулду

Билим 01 Июнь 2026 16:20
711533297_1446676847506055_1036454417773326471_n.jpg
711602181_1446676834172723_3704628776929664837_n.jpg
709166549_1446676624172744_9053914903242665180_n.jpg
710059058_1446676634172743_2638063694911174645_n.jpg
710602889_1446676744172732_4496102670541232055_n.jpg
710613071_1446676734172733_6368414993595930300_n.jpg
711446566_1446676627506077_1263692817703052114_n.jpg
711466691_1446676737506066_9006755502882579006_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кеңири масштабдагы иштер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча жалпысынан 40 миң 420 мугалим атайын курстардан өттү. Жаңы система боюнча багытталган окутууга 28 миң 913 мугалим тартылган. Анын ичинде башталгыч класстардан – 10 334, табигый илимдерден – 7 651, англис тилинен – 5 727 жана математикадан – 5 352 педагог билим алды.

Мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн Сингапурдан тогуз эл аралык тренер тартылып, алар кыргызстандык адистер үчүн 36 онлайн сессия өткөрүштү.

"Жаңы окуу программалары боюнча 105 курс жаңыланып, "Устат" (ustat.edu.gov.kg) онлайн платформасына жайгаштырылды. Анда учурда 10 миңден ашык мугалим окуп жатат. Учурда окууну ийгиликтүү аяктаган педагогдорго сертификаттарды тапшыруу жана 1–2-класстын мугалимдерине көмөк катары атайын видеосабактарды даярдоо иштери кызуу уланууда" – деп айтылат маалыматта.