Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги Кыргызстандын мектептеринде 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар кайсы күндөрү өтөрүн маалымдады.
Ага ылайык, 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин өткөрүлөт.
"Учурда өлкө боюнча бардык мектептерде сынактарды уюшкандыкта өткөрүү үчүн тиешелүү даярдыктар жүргүзүлүп, атайын комиссиялар түзүлгөн" , - деп айтылат маалыматта.