Бүгүндөн баштап мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырууда

Билим Загрузка... 02 Июнь 2026 11:25
whatsapp-image-2024-06-03-at-123419.jpeg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-июндан тартып өлкө боюнча кесиптик лицейлерде жана мектептерде 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-класстын бүтүрүүчүлөрү бекитилген график боюнча алгебра сабагынан жазуу түрүндөгү комплекстүү тест тапшырышууда.

Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болсо, эне тили жана адабияты сабагынан эссе жазышууда.

Белгилей кетсек, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгы тарабынан Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта көзөмөлдөнүүдө.