Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бишкекте "Саламат жүрөк – чекаптан өт" деп аталган маалыматтык-алдын алуу акциясы өтөт.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, акция жүрөк кан-тамыр ооруларын эрте аныктоо жана алдын алууга багытталган.
Акциянын алкагында жарандарга төмөнкү кызматтар акысыз көрсөтүлөт:
- артериялык басымды өлчөө;
- дене салмагынын индексин аныктоо (ашыкча салмакты текшерүү);
- кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин аныктоо;
- тажрыйбалуу кардиолог-дарыгерлердин кеңешин алуу.
Иш-чара төмөнкү соода борборлорунда жана базарларда уюштурулат:
- 13-14-май: Vefa соода борбору, Байтик Баатыр көчөсү, 98 (1-кабат);
- 16-май: "Бишкек Парк" соода-көңүл ачуу борбору, Киев көчөсү, 148 (М1-кабаты);
- 18-май: "Дордой Плаза" соода-көңүл ачуу борбору, Ибраимов көчөсү, 115/2 (Гоголь көчөсү тараптагы жаңы корпус);
- 20-май: Орто-Сай базары, Сүйөркулов көчөсү тараптан.
Акциянын максаты – жашоочуларга жүрөктүн саламаттыгына кам көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө эскертүү, тобокелчилик факторлорун өз учурунда аныктоого жардам берүү жана алдын алуу жана үзгүлтүксүз чекаптан өтүү – бул узак жана активдүү жашоого карай жөнөкөй кадам экендигин көрсөтүү.