ЖОЖго даярдык: Мектептерде кошумча сабактар уюштурулат

Билим 03 Июнь 2026 12:10
1.webp
WhatsApp_Image_xBJGkEh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_XvRXVBF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
1.webp
WhatsApp_Image_xBJGkEh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_XvRXVBF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги астында өткөн жумушчу кеңешмеге катышты.

Талкууга онлайн форматта өлкөнүн аймактарынан билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү да кошулду. Жолугушуунун жүрүшүндө мектептерге кабыл алууда квоталар жөнүндө мыйзамдын аткарылышы, билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерин жүргүзүү жана окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү маселелери каралды.

Ошондой эле мектеп окуучуларынын тил даярдыгын кеңейтүү пландары талкууланды. Тагырагы, Агартуу министрлиги немис жана француз тилдери боюнча кошумча сабактарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайларына кирүүгө даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Учурда министрлик жогорку класстын окуучулары үчүн кошумча сабактарды уюштуруу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, медициналык ЖОЖдор жана башка профилдик ведомстволор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындай курстар окуучулардын жогорку окуу жайларына сапаттуу даярдануусуна жардам берери күтүлүүдө.