Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде жогорку окуу жайлар үчүн мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада химия, физика, кыргыз адабияты, медициналык паразитология, медициналык генетика, кинооператорлук чеберчилик, электр машиналары, бажы төлөмдөрү, электроника жана башка багыттар боюнча даярдалган окуу китептер тааныштырылды.
”Окуу китептердин нускалары авторлорго жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө билим берүү процессинде колдонуу үчүн берилди”,–деп айтылат билдирүүдө.