Билим берүү программалардын сапатын изилдөө эл аралык практиканын негизинде жүргүзүлдү - Уманкулова

Билим 1891 18 Июнь 2025 12:28
WhatsApp Image 2025-06-18 at 12.01.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-18 at 12.01.56.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-06-18 at 12.01.57.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-18 at 12.01.56.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. ЖОЖдордун билим берүү программаларынын сапатын изилдөө эл аралык практиканын негизинде жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн изилдөө кемсинтүү максатында эмес, тескерисинче, ЖОЖдордун күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, эл аралык программаларга катышууга жол ачуу үчүн жасалган.

“Бул изилдөө ЖОЖдордун дүйнөлүк аренадагы абалын жакшыртууга жардам берет. Рейтинг министрликке да, ата-энелерге да, студенттерге да багыт берүүчү курал болуп кызмат кылат. Жалпы ЖОЖдордун рейтинги эки жылда бир жүргүзүлөт, ал эми билим берүү программаларынын рейтинги анын ортосунда жүргүзүлүп турат. Баалоо критерийлери да өзгөрүп турат. Биз үчүн улуттук рейтингдер дүйнөлүк рейтингдерден артта калбашы абдан маанилүү,” – деди ал.