Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. ЖОЖдордун билим берүү программаларынын сапаты 8 этап менен изилденди. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында EdNet Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттигинин рейтингдик координатору Айжамал Жумакадырова билдирди.
Анын айтымында, мындай изилдөө Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлүп жатат. Айрым ЖОЖдор ар кандай себептер менен катышуудан баш тарткан.
“Окуу жайлар 6 негизги критерий боюнча бааланды. Алар: академиялык аброю, иш берүүчүлөр арасындагы рейтинги, билим берүү чөйрөсүнүн сапаты, Scopus базасындагы илимий жарыялардын саны, индекс Хирша көрсөткүчү жана эл аралык илимий кызматташуу даражасы. Бардык криттерийлер боюнча өз алдынча пайыздык ченем берилди”,-деди ал.
Жумакадырова белгилегендей, изилдөө 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын май айына чейин жүргүзүлүп, жалпы процесс төмөнкү 8 этаптан турган:
- 1-этапта агенттиктин жетекчилиги ректорлор менен жолугушуу өткөргөн;
- 2-этапта окуу жайлардын билим берүү программалары reiting.kg сайтына жайгаштырылган;
- 3-этапта программа координаторлору анкета толтурган;
- 4–5-этапта окутуучулар жана иш берүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн;
- 6–7–8-этапта Scopus базасынын маалыматтарынын негизинде жыйынтыктар чыгарылган.
“Изилдөөнүн жыйынтыгы менен reiting.kg сайтынан таанышууга болот”,-деди ал.