Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева жогорку окуу жайлардагы билим берүү мектеп программаларын кайталап жаткандыгын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө окуу жай жетекчилерине кайрылып, кесиптик билим берүүдө кайсы бир багыттарды өзгөртүп, кесиптик билим берүүгө басым жасоо менен иш алып баруу керектигин айтты.
“Бүгүнкү күндө эмгек рыногу өзүнүн шарттарын бизге таңуулап жатат. Жаңы адистиктерди ачуу, ошол багытта иш алып баруу сыяктуу маанилүү чоң маселелер турат. Акыркы канча бир убакытта билим берүү жаатында чоң реформа болуп жатат.
Кечээ эле Агартуу министрлигинин жыйыны өтүп, бир топ маанилүү көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди талкууладык. Мына ушул жерде дагы кадр даярдоо жогорку окуу жайлар жана орто кесиптик окуу жайлар сиздердин түздөн-түз милдетиңиздер. Стандарттарды иштеп чыгууда айрым бир факторлорго көңүл буруу өтө маанилүү. Бул инклюзивдик билим берүү, санариптик педагогика, критикалык ой-жүгүртүү, STEM багытындагы стандарттар”,- деди Ашымбаева.
Ал ошондой эле педагогикалык кадрларды даярдоодо жөн эле мөөнөтүнө эмес, мазмундук жагына басым жасалса деген сунушун берди.
Эскерте кетсек, бүгүн И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өттү.