Жорж Вашингтондун тушунда чыгарылган тыйын 2,93 млн долларга бааланды

Дүйнө 14 октябрь 2026 16:00
Жорж Вашингтондун тушунда чыгарылган тыйын 2,93 млн долларга бааланды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. АКШнын президенти Жорж Вашингтондун тушунда чыгарылган алгачкы тыйындардын бири аукциондо 2,93 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу БелТА кабарлады.

Маалыматка караганда, 1792-жылы чыгарылган беш центтик тыйын 8–9-октябрда Heritage аукцион үйүндө сатылган. Рональд Фирмандын коллекциясындагы тыйын соода учурунда 66 жолу бааланып, 2 миллион 928 миң долларга жеткен.

Аукцион үйүнүн маалыматына ылайык, бул тыйын АКШнын нумизматика тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ үлгүлөрдүн бири болуп саналат.

Мындай номиналдагы тыйындардын мурдагы аукциондук рекорду 2013-жылы катталган. Жаңы сатылган тыйындын баасы ал көрсөткүчтөн эки эседен ашык жогору болду.

Аукциондун аткаруучу директору Тодд Имхоф бул жыйынтык тыйындын америкалык нумизматика тарыхындагы өзгөчө орунга татыктуу экенин белгилеген.

Тыйындын ортосунда Эркиндиктин бюсту түшүрүлгөн. Анын айланасында англис тилинде “Эркиндик — илим менен өнөр жайдын энеси” деген жазуу бар. Төмөн жагында чыгарылган жылы — 1792-жыл көрсөтүлгөн.