Жоомарт Токтогулов УКМКнын Ош боюнча башкармалыгын жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор 19 Февраль 2026 15:55
639041723_122201799110368081_1274941770948890848_n.jpg
638299133_122201799290368081_8239039451316187885_n.jpg
638314340_122201799224368081_7390580474760024725_n.jpg
638824424_122201799176368081_3361875570322907647_n.jpg
638973726_122201799164368081_1357205775090603826_n.jpg
638980448_122201799272368081_81912862848345404_n.jpg
639052519_122201799206368081_4974591266544236157_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчи Жоомарт Токтогулов тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тааныштырды.

Иш-чарага президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, ал өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда, ошондой эле президенттин тапшырмаларын так жана өз убагында аткарууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бул кызматты аркалап келген Салмоор Жумабеков 16-февралда кызматтан алынганы маалым болгон.