Жолдордун курулушуна көзөмөл күчөтүлөт – президенттин Нарындагы өкүлү

Аймак 30 Июнь 2025 15:50
1.jpg
1852_1249.webp
1853_8029.webp
1854_8029.webp
1855_8029.webp
1856_4327.webp
1857_8029.webp
1858_4327.webp
Алдыга
Артка
1.jpg
1852_1249.webp
1853_8029.webp
1854_8029.webp
1855_8029.webp
1856_4327.webp
1857_8029.webp
1858_4327.webp
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин өкүлү Нурбек Сатаров Нарын шаарынын Ленин жана Ж.Шералиев атындагы көчөлөрүнүн курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйынга шаар башчысы, жол ишканасынын, жол куруучу компаниянын, укук коргоо органдарынын, Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчилери, долбоорлоо институтунун жана башка тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү  катышты.

Облус башчысы жооптуу кызматкерлерден шаар жолунун курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү жана "Бета групп" курулуш компаниясы эмне себептен курулушту кечеңдетип жатканынын себептерин сурады.

Ал ошондой эле жол курулушун жүргүзгөн компаниянын иш көлөмүн аткаруудагы мүчүлүштүктөрү, курулушка тартылган техниканын саны, жумушчулардын санын тактады. Убакыт тар экенин белгилеп,  жергиликтүү бийлик менен биргеликте, жумушчулардын, техниканын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү кароо тапшырмасын берди. Ар бир кызматтан ачык-айкын маалымат берип, маселени чогуу чечүүгө чакырды.

Сатаров эл тарабынан айтылып жаткан сындар туура экенин белгилеп, көзөмөл бардык тараптан жүргүзүлөрүн эскертти. 

Эске салсак, 2025-жылы Нарын шаарынын негизги Ленин көчөсүнүн 9,5 км курулушу сентябрь айында, ал эми 2,3 км Ж.Шералиев көчөсүнүн курулушун тездетип 10-августта бүткөрүү сунушталган.