Жол салуу темпи жай: Нарындагы жол маселесин министр көзөмөлгө алат

Аймак Загрузка... 26 Июнь 2026 15:26

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ак-Талаа районунун тургундары менен жолукканда жергиликтүү тургун жол салуу иштери жай жүрүп жатканын айтып, тиешелүү көзөмөл жүргүзүүнү суранды.

"Баетов – Нарын жолунда эки фирма иштеп жатат. Эл жакшы баа берип жатат. Нарындан бери жол салган фирманы Транспорт министри көзөмөлгө алып койсунчу. Биз эки-үч күндө бир барып жатабыз. Жолдун катмарын сыйрып салып эле кетип жатат, асфальт басуу иштери жок. Машиналар талкаланып жатат", — деди ал.

Мамлекет башчысы министрге элдин талабын эске алууну тапшырды. Ошондой эле мындан ары жолду Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өзү салып баштарын, жалпысынан 1500 техника сатылып берилгенин белгиледи.