Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Ош көчөсүндө үйлөрү бузулган бардык жарандар турак жайлуу болушат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Жанарбек Акаев оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан Ош көчөсүнө барып, турак жайы бузулган тургундар менен жолукту.
Анын айтымында, бир дагы жаран турак жайсыз калбайт
"Бузулган үйлөрдүн ордуна тургундарга 10 күндүн ичинде Эне-Сай жаңы конушунан үйлөр берилет. Жакынкы күндөрү 20 үй ээлерине тапшырылып, андан соң турак жайлар этап-этабы менен берилет", - деди мэр.