Инфраструктураны өнүктүрүү инвестиция тартууга өбөлгө түзөт – шаар тургуну

Коом 9 октябрь 2026 12:30
copyright icon Кабар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Жолдорду куруу жана инфраструктураны өнүктүрүү өлкө үчүн оң көрүнүш. Мындай пикирин Бишкек шаарынын тургуну Айбек “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мындай иштерге жумшалган каражат өзүн актап, инвестиция тартууга түздөн-түз өбөлгө түзөт.

“Өлкөдө сапаттуу тротуарлар жана инфраструктура жок, Кыргызстан дагы деле советтик деңгээлде калды деген түшүнүктөр акырындап жоюлуп баратат. Шаардын көрүнүшүндөгү жагымдуу шарттар, өзгөрүүлөр мени кубандырат”,- деди ал.