Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды

Коом Загрузка... 17 Февраль 2025 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Транспорт министрлигинин Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүндө коррупциялык схеманын бети ачылды.

Тактап айтканда, Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К.О жолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын-пикирлерсиз кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган, бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасирин тийгизген.

Бул факты боюнча 2025-жылдын 11-февралында кылмыш ишинин алкагында аталган К.К.О. кармалып, Талас шаары боюнча ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК жарандарды мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу 0(312) 660475 телефон номери аркылуу маалымдоого чакырат. Анонимдүүлүк кепилденет.