Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Тынымсыз жааган жамгырдан улам Боом капчыгайында тоодон таш түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча, учурда кырсык болгон жерде министрликтин жумушчулары атайын техникалар менен жолду таштан тазалоо иштерин кызуу жүргүзүп жатышат.
"Жолдо унаа тыгындарын болтурбоо жана кыймылды токтотуп албоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары бир тараптуу өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министр Боом капчыгайы аркылуу жолго чыга турган бардык айдоочуларды жолдо өтө этият болууга, каттамдагы эрежелердин талаптарын так сактоого жана жеринде иштеп жаткан кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн толук аткарууга чакырат.