Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жогорку түшүм алуу үчүн алгач топурактын анализин аныктоо зарыл экенин белгилейт.
Ургалдуу багбанчылыкты кантип баштоо керек?
Ургалдуу (интенсивдүү) багбанчылык – бул жогорку сапаттагы түшүм алып, жердин мүмкүнчүлүгүн максималдуу пайдаланууга багытталган заманбап ыкма. Аны ийгиликтүү баштоо үчүн төмөнкү негизги кадамдарды жасоо зарыл:
- Топурактын анализин алуу.
Алгач жер кыртышынын лабораториялык анализин жасоо керек. Анда топурактын курамы, рН деңгээли, органикалык заттардын көлөмү жана негизги азык элементтеринин (азот, фосфор, калий) бар-жогу аныкталат. - Микроэлементтердин жетиштүүлүгүн аныктоо.
Топурактын анализинин жыйынтыгына таянып, өсүмдүктөр үчүн зарыл болгон микроэлементтер – магний, кальций, күкүрт, темир, цинк, бор сыяктуу заттар жетиштүүбү же жетишсизби аныктап чыгуу зарыл. Бул келечектеги жер семирткичтердин түрүн жана көлөмүн так аныктоого жардам берет. - Топурактын катуулугун жана структурасын изилдөө.
Жердин структурасы жакшы болсо, тамыр системасы эркин өсөт жана сууну, азыктарды жакшы өздөштүрөт. Эгер катуулугу жогору болсо, тамырдын өнүгүүсү чектелет. Ошондуктан, бул көрсөткүчтү алдын ала билип алуу маанилүү. - Суунун анализин алуу.
Ичүүчү жана сугат суу ар дайым бирдей сапатта боло бербейт. Ошондуктан, багбанчылыкта пайдаланылуучу суунун туздуулугу, минералдык курамы жана башка химиялык касиеттерин изилдеп чыгуу зарыл. Бул маалымат суу менен кошо киргизилүүчү жер семирткичтерди туура тандоого жардам берет. - Акыркы 10 жылдагы климаттык шарттарды изилдөө.
Аймактагы орточо температура, жаан-чачындын көлөмү жана бөлүштүрүлүшү, кургакчылык мезгилдери жана суук түшүү мөөнөттөрү боюнча маалыматтар багбанчылыктын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. Бул маалыматка таянып, кайсы мөмө-жемиш түрлөрүн отургузуу туура боло турганын аныктоого болот. - Жердин рельефин эске алуу.
Жердин эңкейиши, тоо этегинде же түздүктө жайгашканы, күндүн багыты – баары түшүмдүүлүккө түздөн-түз таасир этет. Мисалы, эңкейиштүү жерлерде суу тез агып кетет да, топуракта ным аз топтолот. Ал эми түз жерде ным жакшы кармалат, бирок суу токтоп калуу коркунучу болушу мүмкүн.