Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте Карылардын эл аралык күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Карылар үчүн ресурстук борбор маалымдады.
Маалыматка ылайык, жарманкеге Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 40ка жакын өз ара жардамдашуу тобу катышып, өз колдору менен жасаган жүндөн жана кийизден жасалган буюмдарын, сувенирлерди жана башка эмгектерин тартуулашат.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс, скандинавиялык басуу, бий флешмобу, шахмат турнири уюштурулат. Ошондой эле адистердин ден соолук боюнча кеңештери берилип, кандагы канттын деңгээли текшерилет.
Жарманкеде маалыматтык-агартуу материалдарынын көргөзмөсү өтүп, артисттердин жана чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Иш-чара саат 10:00дөн 13:00гө чейин Эркиндик бульвары менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде, Курманжан датканын эстелигинин жанында өтөт.