Москва районунда 100 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Коом 876 26 Февраль 2025 09:15
479716785_1070644231771916_940026818464954681_n.jpg
480521894_1070644125105260_3283901425534774300_n.jpg
480704900_1070644048438601_501930758387423418_n.jpg
481182610_1070644185105254_2533023347015349826_n.jpg
Алдыга
Артка
479716785_1070644231771916_940026818464954681_n.jpg
480521894_1070644125105260_3283901425534774300_n.jpg
480704900_1070644048438601_501930758387423418_n.jpg
481182610_1070644185105254_2533023347015349826_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москва районундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.

Ведомстводон маалымдашкандай, кайрымдуулук баштыгы ыйык Рамазан айынын алдында "Менар" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду. Азык-түлүк төрт жана андан ашык баласы бар, турмуштук оор кырдаалда турган 100 үй-бүлөгө таратылды

Эмгек министрлиги калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоо боюнча өз ишин улантып, жардамга муктаж болгондорго өзгөчө көңүл бурат.

Ошондой эле "Менар" фонду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган демилгелерди байма-бай ишке ашырып, кайрымдуулук программаларына катышкандардын баарына ыраазычылыгын билдирет.

Долбоорлорду каржылоо Hasene фонду тарабынан жүргүзүлөт.