Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарды.
Анын иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жиберилди.
Белгилей кетсек, бүгүн соттук отурум онлайн көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, "Темиров LIVE" жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы буга чейин "Массалык башаламандык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган.