Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышында айым депутаттардын саны көбөйөбү?

Шайлоо Загрузка... 01 Октябрь 2025 13:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бүгүн президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда деп белгиленди. Мажоритардык система боюнча шайлоо 30 округда өтүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланат. Ошондой эле бул жолку шайлоодо Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бир жыныстагы өкүлдөргө экиден ашык мандат берилбей турганы белгиленди. Ал эми бул мыйзам өз кезегинде Жогорку Кеңеште айым депутаттарды санынын көбөйүшүн шарттай тургандыгы белгиленди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү аял кишилердин саны 3 млн 678 миң 718 деп белгиленет.

Ал эми Жогорку Кеңештин буга чейинки VII чакырылышындагы 20 депутат айымдын 19у партиялык тизме менен ал эми бирөө бир мандаттуу шайлоо округунан келген. Алдыда боло турчу шайлоодо Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде ЖКда айым депутаттардын санынын көбөйүшүн шарттайт.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоолорду уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокееванын айтымында 64-беренеге киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде - көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган үч талапкер тандалып алынат.

“Тиешелүү көп мандаттуу округ боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөр үчүн экиден ашык мандат бөлүнүшү мүмкүн эмес. Ошондо 90 депутаттык мандаттын 30у бир жыныстагы талапкерлерге берилет. Ал эми муну пайыздык көрсөткүч менен алганда 33%ды түзөт. Мисалы, бир округда 3 айым талапкер шайлоочулардын эң көп добушун алган болсо, биринчи эки мандат аялдарга берилет”,-деди ал.

“Ошондой эле эгер аял депутат иштеп турган учурда кандайдыр бир себептер менен депутаттык ыйгарым укуктары кандайдыр бир себептер менен токтотулса, анда анын мандаты аял кишиге берилет. Эркек киши болсо эркек кишиге берилет. Бирок, өзүнүн жынысындагы талапкер жок болуп калса башка жыныстагы талапкерге берилет”, - деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы депутаттарга таандык болууга тийиш.

Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштардагы депутаты, саясатчы Айнуру Алтыбаева белгилегендей, Кыргызстан бир нече эл аралык келишимдердин мүчөсү катары гендердик теңчилдикке өзгөчө орун берип келет.

“Аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүгү бирдей деп биздин баш мыйзамда да жазылган. Андан сырткары, Конституциянын шайлоого байланышкан бөлүгүндө дагы квота берилген. Мисалы, III чакырылышта Жогоку Кеңешке бир дагы депутат айым келбей калган. Парламент бул биринчи иретте өкүлчүлүк орган жана анын биринчи функциясы өкүлчүлүк болгондуктан, андан сырткары өлкөдөгү калктын санынын 52% аялдар түзгөндүктөн, атайын убактылуу чара катары баш мыйзамга квота киргизилген. Ошондой эле бардык социалдык тармактардан аял өкүлдөр келиши үчүн да мындай кадамдар жасалган”, -деди ал.

Андан сырткары экс-депутат ЖКда аял кишилердин санынын көбөйүшүнүн артыкчылыктарына да токтоло кетти.

“Парламентте аял кишилердин саны 10%дан кем эмес болсо, көптөгөн социалдык маселелер көтөрүлөт. Эгер 20%дан кем болбосо социалдык маселелер каралат. Эгерде 30% болсо көптөгөн социалдык маселелер чечилет деген изилдөөлөр бар. Ошол 30%га багыт алып мандаттардын бөлүштүрүлүшү абдан жакшы. Бул депутаттардын эң аз дегенде 30%ы айымдар болот дегенди билдирет. Кыргызстан өзү дагы социалдык маселелерди приоритеттүү багыт катары тандап алган өлкө катары, Жогорку Кеңешке айым депутаттардын көп келиши менен көптөгөн социалдык маселелер чечилет”,-деп белгиледи ал.