Жанар Акаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Шайлоо 19 февраль 2026 12:45
Жанар Акаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бишкек, 19.02.26 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Акаев Жанарбек Кубанычовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.

Боршайкомдон билдиришкендей, бул чечим президенттин 2026-жылдын 18-февралындагы № 65 жарлыгынын негизинде кабыл алынды.

Ошондой эле БШКнын токтому менен Жанарбек Акаевдин депутаттык ырастамасы жараксыз деп таанылды.