Жогорку Кеңешке жаңы эки депутат келди

Шайлоо 12955 24 Февраль 2026 11:48
640703473_1330231259146863_8107336846155141059_n.jpg
641295299_1330231405813515_7929865850622861927_n.jpg
Алдыга
Артка
640703473_1330231259146863_8107336846155141059_n.jpg
641295299_1330231405813515_7929865850622861927_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү маселесин карады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында БШК Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматовичти – №14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, ал эми Нышанов Жайлообай Данибаевичти – №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды.

Аталган талапкерлер расмий түрдө депутат болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама (күбөлүк) жана депутаттык төш белгилер тапшырылды.

Эске салсак, мандаттарды өткөрүп берүү тийиштүү округдардагы бош калган орундардын негизинде ишке ашырылды. Жаңы депутаттар каттоодон өткөн учурдан тартып өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

Белгилей кетсек, жаңы депутаттар өз каалоосу менен депутаттык мандатынан баш тарткан Кундузбек Сулайманов (№14 шайлоо округу) жана Нурланбек Тургунбек уулунун (№15 шайлоо округу) ордуна келди.