Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Бүгүн Социалдык саясат боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жалпы билим берүүчү мектептер чөйрөсүндөгү Жогорку Кеңештин айрым токтомдорунун аткарылышы тууралуу» токтом долбоорун карап, жактырды.
Парламенттен билдиришкендей, талкуу маалында депутат Советбек Рустамбек уулу Бишкекте биринчи класска кабыл алууда орундардын жетишсиздиги көйгөйүн белгилеп, бул маселени системдүү түрдө чечүү зарылдыгын айтты.
Буга агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева өлкө боюнча жалпысынан 289 миң квота ачылганын, анын ичинен 131 миң орун азырынча бош экенин маалымдады. «Ал эми Бишкек боюнча 30 миң квота каралган, анын 2 миңге жакыны азыркы учурда бош», – деди.
Эл өкүлү Элдар Абакиров Бишкекке кеминде 15-20 жаңы мектеп, ал эми республика боюнча 100гө жакын жаңы мектеп куруу керектигин белгилесе, депутат Илимбек Кубанычбеков окуучуларды жетиштүү сандагы жана сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу маселесин ортого салды.
Андан тышкары, депутат Гүлкан Молдобекова бала бакчадан кийин мектепке кабыл алуудагы жаңы тартип боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштап: «Биз билим берүүнү мамлекеттин артыкчылыктуу багыты деп айтып келебиз. Бирок учурда ата-энелер балдарын мектепке кабыл алууда бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Андыктан, бул маселени ыкчам түрдө чечүү керек», – деди.
Депутат Айгүл Айдарова мектепке электрондук кезек аркылуу кабыл алууда жаралып жаткан техникалык жана уюштуруу мүнөзүндөгү тоскоолдуктарды жоюп, процессти жөнөкөйлөтүүгө чакырды.