Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2025 11:44
hd-1740548699933.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасы боюнча маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорун узатып, сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында депутаттар Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук беришти.