Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Борбор калаадагы “Ак-Кеме” мейманканасында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) жаштар жана спорт министрлеринин 10-жыйыны өтүүдө.
Юбилейлик жыйынга Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген расмий делегациялардын өкүлдөрү, ошондой эле ТМУ катчылыгынын жетекчилиги катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар жаштар саясатын өнүктүрүү, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана түрк мамлекеттеринин ортосунда биргелешкен спорттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашууда.
Ошондой эле иш-чаралар планына киргизилген негизги маселелер жана долбоорлор каралып, жыйындын натыйжасы боюнча тиешелүү протокол кабыл алынары маалым.
Мындан тышкары, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин чет элдик делегациялардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары өтүп, анда тармактык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланмакчы.
Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) толук мүчө болгон беш өлкө кирет: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжан. Аталган уюм 2009-жылы түзүлүп, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук, маданий жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү максатын көздөйт.