Жогорку Кеңеш үч жаңы министрдин талапкерлигин колдоду

Кадрлар жана дайындоолор 18 февраль 2026 12:53
Жогорку Кеңеш үч жаңы министрдин талапкерлигин колдоду
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш үч жаңы министрдин талапкерлигин карап, кызматка дайындоону колдоду.

Эл өкүлдөрүнүн баары “макул” деп добуш берди.

  • Урматбек Шамырканов — өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;
  • Акыл Токтобаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына;
  • Талантбек Солтобаев — транспорт жана коммуникациялар министри кызматына.

Буга чейин алардын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап, жактырган болчу.