Жоголду деп саналган жоокердин архивде катылган эрдиктери

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 22 Апрель 2025 15:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай “Кабар” агенттиги бул апаатта кан кечип, жанын берүү менен эбегейсиз кызматын өтөгөн мекендештерди эскерүүсүн улантат. Бүгүн, алгач аскерге кетип, андан ары фронтко кирип, согуш аяктаарда дайынсыз кеткен жоокер – Жамалбек Кошонов тууралуу сөз болот. Алдыда жоокер жөнүндө анын инисинин уулу, кыргыз Аскер-деңиз флотунун ардагерлер коомунун төрагасынын орун басары, полковник Жамалбек Кошонов айтып берет.

Үзүлбөгөн үмүт

Чоң атам (атамдын агасы) Жамалбек Кошонов 1922-жылы Талас облусунун Киров районунда жарык дүйнөгө келген экен. 1940-жылы аскерге кетип, ал арада согуш башталып, 1941-жылдын сентябрь айында Москванын алдында фронтко кирет. Төрт жыл катары менен душманга каршы салгылашат. Кийин согуш аяктап калганда, 1945-жылдын 1-майында Киров райондук аскердик комиссариатына дайынсыз жоголду деген билдирүү келет. Бул кабарды алган чоң апам (жоокердин апасы) менен бир туугандары көп жылдар аны бою үзүлбөгөн үмүт менен күтүшөт. Бирок, эч бир жыйынтык чыкпайт. Чоң атамдын атын өчүрбөйлү деп мен төрөлгөндө анын атын мага коюшат.

55 жылдан кийин табылган маалыматтар

Эр жетип калганда издөө иштерине мен да аралаша баштадым. Алгач 1983-жылы Одессада аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп жүргөндө Подольскийдин КППсына кайрылып, архивдик маалыматтарды алууга мыйзам жол бербейт деген жоопту алдым. Андан кийин 1994-жылы Москванын Аскердик академиясына өткөнүмдө дагы бир жолу кайрылып, анда да оңчулуктуу жооп ала алган жокмун. Кийин 1999-жылы кыр аркамды жабыркатып алып Ленин районунун военкоматына которулдум. Ошол жерде иштеп жаткан учурда Волошин Николай деген из кубар келип, архивге уруксат бериңиз деп калды. Мен ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланайын деп ага өзүмдүн суранычымды айттым. Ал киши таап берейин деп макул болду. Ошентип, 2000-жылы Волошиндин жардамы менен Москвадан келген архивдик маалыматтар жана бир сүрөт колубузга тийди.

Ата мекен үчүн жасалган эрдик

Чоң атамдын аскердик китепчесинде анын фронттогу жасаган эрдиктери тууралуу маалыматтар жазылган экен. Ал 29-гвардиялык атышуу дивизиясынын 34-танкага каршы артиллериялык дивизионунда душманга каршы согушуптур. Гвардиянын улук сержанты, замбиректин бутага багыттоочусунун орун басары, кийин командирине жеткен экен. Батыш фронтунда 1942-жылдын июнь, август айларында эки жолу, 1943-жылдын февраль айында дагы бир жолу жарадар болуптур. ПТР бөлүмүнүн командири болуп турганда 1944-жылдын 3-6-февралындагы Калинин облусундагы салгылашууда 87-гвардиялык атышуу дивизиясынын чабуулуна көмөктөшүп жатып, командасы менен душманга таандык 3 танканы жана 30дай гитлерчини жок кылган. “Бул салгылашууда Жолдош Кошонов жанындагы жоокерлерге үлгү болуу менен баатырларча эрдигин көрсөттү” деп жазылат. Ошондой эле, Латвия ССРинин Модонск районундагы Паткуля айылында 1944-жылдын 8-августунда танкаларды жана 20 чакты душманды өлтүргөн. Бул жөнүндө “өтө катуу жарадар болгучакты душмандын танкасынан чыккан катуу отко туруштук берип, аларга жооп катары өз куралынан от жаадырып турду” деп жазылат. Ошентип, ал 1944-жылдын 15-августунда аталган жерде каза тапкан экен.

Баатырдын өчпөс изи

Чоң атам аскерге, андан ары фронтко жаш кеткендиги үчүн үйлөнгөнгө, балалуу болгонго жетишпей калган. Жанын аябастан салгылашып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн ага “Эрдиги үчүн” медалы жана “Кызыл жылдыз” ордени ыйгарылган. Чоң атам жөнүндөгү маалыматтар эмне себептен ачыкка чыкпай калганы белгисиз. Каза болгон жоокерлердин жакындарына пенсия төлөнүп берилчү. Согуштан кийинки кайра куруу жылдарында советтер союзунун политбюросу атайын эле акча төлөөдөн качып, дайынсыз жоголду деген кат жөнөтүп койгонбу деп да ойлойм. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, эч кимдин эрдиги унутулбайт, биз эч кимди унутпайбыз дегим келет.