Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгынын алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында ЖККУнун жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруштук берүү, ошондой эле аскердик жааттагы өнүгүү маселелери талкууланды.
Тар чөйрөдө ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жамааттык коопсуздук аймагындагы кырдаал боюнча баяндама жасады. Албетте, мындай документтер жалпы элдик колдонуу үчүн эмес, бирок жолугушуунун катышуучуларынын жана эл аралык ЖМКларга чыккан маалыматтардан көрүнүп тургандай, Коргоо министрлердин пикир алмашуулары ачык жана кылдат болгон.
Азыр баары тынч деп айтуу кыйын, бирок ошол эле учурда союздаш мамлекеттер кырдаалдын курчуп кетишинин алдын ала биргелешкен аракеттердин планын акырындап даярдап жатышат.
"Борбор Азия чөлкөмүндөгү негизги коркунуч дагы эле Афганистандагы көптөгөн радикалдык топтордон келип чыгууда (жалпысынан 20дан ашык, жалпы саны 15 миңден ашык адам). Алардын чек арага чектеш өлкөлөрдүн аймагына кирип келүүсү жана андан ары калк арасына сиңип кетүү ыктымалдыгы жогорулап жатат", — деди жыйында Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов.

Борбор Азия аймагындагы негизги коркунучту Афганистан жаратып келгенин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы, отставкадагы генерал-майору Асанбек Алымкожоев дагы “Кабарга” берген маегинде белгилеген.
“Афганистан көп жылдар бою региондө ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келген мамлекет. Бул мамлекетте террорчулук жасаган топтор азыр деле бар. Баткен окуясында биздин аймакка эл аралык террорчулардан 5-6 адам эмес, 100дөй согушкер келген. Алар ошол жерди база кылып алышкан. Тоолордун арасында чоң үнкүрдө 5 тоннага чейин ок-дары табылган. Жалаң курал-жарак, миналар ,ок-дарылар.
Булардын чыныгы максаты – Фергана өрөөнүн ээлеп халифат орнотуу экенин ошол жерден “Фергана халифаты” деп англис тилинде жазылган карта табылганы далил экенинде күмөн жок. Сирия, Ливия сыяктуу өлкөлөрдөй кырдаалды жаратышмак экен”,– деген Асанбек Алымкожоев.
Талибан кыймылы бийликке келгенине карабастан, Афганистан дагы эле туруксуз өлкө. Афганистан менен ЖККУнун чектеш өлкөлөрү жайгашкан аймактарда абал өзгөчө оор. Эч ким көзөмөлдөбөгөн бул аймактар Сирия, Ирак, Ливия жана Жакынкы Чыгыштан келген террордук топтордун калдыктарынын чогулган жерине айланды. Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулунун айтымында, чалгындоо иштери так, кылдат уюштурулуп, жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү бул тарапка жөн эле көңүл бурган жок. "Миңдеген согушкерлер жөнүндө сөз болуп жатат. Алар эч жакка качпайт, анткени такай каржыланып турушат. Аларды кимдир-бирөө колдоп, кийим-кече, тамак-аш, курал-жарак, ок-дарылар менен камсыз кылат. Ошондой эле Афганистанда өлкөдөн чыгып кеткен америкалык аскерлердин көптөгөн курал-жарактары жана техникалары, анын ичинде согуштук учактар калганын эске алуу керек.
Геосаясий белгисиздиктин шартында бул факторго олуттуу көнүл бурулуш керек. Борбордук Азияда же Фергана өрөөнүндө халифат түзүү идеясынын артында таптакыр башка мүнөздөгү кызыкчылыктар катылган. Биз жомокторго ишене турган балдар эмеспиз. Ошондуктан ЖККУ чек араны бекемдөө менен түздөн-түз алектенип, туура иш кылып жатат. Коркунучтарга жооп кайтарууда бир күн да кечиктирүүгө болбойт. Биргелешкен машыгуулар жана бөлүктөрдү даярдап, аларды күчөтүү зарыл. Жамааттык коргонуу күчтөрүнүн даярдыгы ошол террористтер Борбордук Азиянын чек араларына жакындагандан корккондой болушу керек”, - деп баса белгиледи Эдил Марлис уулу.
Региондогу кырдаалга Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук дагы терс таасирин тийгизип, активдүү куралдуу топтордун чет элдик согушкерлери ал жактан Афганистанга да, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да агып жатышат. Ошондуктан, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө аскердик-саясий кырдаал да дале курч бойдон турганын белгиледи Россиянын корго министри Андрей Белоусов.
Отурумда ЖККУнун Коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өттү.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү чакырыктар жана коркунучтар күчөп баратат жана Россия менен Кыргызстан аларга тийиштүү жооп кайтарышы керек деп Андрей Белоусов Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.
“Биз, албетте, туруксуздуктун, болгондо дагы глобалдык туруксуздуктун кырдаалында жашап жатабыз. Тилекке каршы, биз коопсуздуктун, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүнүн деңгээлинин төмөндөп баратканын көрүп жатабыз. Биз ЖККУ мейкиндигинде да, эки тараптуу мамилелерибизде да келип чыккан коркунучтарга өтө этияттык менен мамиле кылышыбыз керек. Тилекке каршы, алар көбөйүп баратат", - деп белгиледи Андрей Белоусов.
Ал ошондой эле Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасын «жөн эле достук эмес, союздаштык мамилелер да байланыштырып турат» деп баса белгиледи.
«Биздин тарыхыбыз, тагдырыбыз жалпы, быйылкы жыл биз үчүн өзгөчө – бул Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Бул биздин жалпы Жеңишибиз», - деди ал.
Кыргызстандын Коргоо министри Руслан Мукамбетов Россия менен аскердик чөйрөдөгү мамилелердин деңгээлин жогору баалады.
«Биздин мамлекеттердин аскердик ведомстволорунун ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилегим келет. Өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу да, көп тараптуу форматта да абдан жигердүү иштер жүргүзүлүүдө», - деп белгиледи.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров дагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин делегациясын кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан аймактык коопсуздукту жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган ар кандай демилгелерди активдүү илгерилетип жатканын баса белгиледи.
Президент Кыргыз Республикасы уюмдун алкагында кеңейтилген өз ара аракеттенүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу духу боюнча жакын уюмдар менен терең кызматташуу идеясын дайыма колдоп келе жаткандыгын айтып, Коргоо министрлеринин жолугушуусунда айтылган сунуштары үчүн баарына ыраазычылык айтып, бул идеялар Уюмду мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет деген ишенимин билдирди.
Серепчилер белгилегендей, олуттуу күчтөргө, заманбап кыйратуучу куралдарга ээ болгон ЖККУнун аскердик түзүмү ШКУ менен КМШнын интеграциялык мейкиндигин негизги коргоо механизми катары каралышы керек. Башкача айтканда, бүгүнкү күндөгү союздаштардын өсүп бара жаткан экономикалык өз ара аракеттенүүсү жана аскердик тыкыз кызматташуусу жалпы коопсуздукту камсыздай алат.