ЖККУнун башкы катчысы "Достук" ордени менен сыйланды

Президент 20 ноябрь 2025 18:26
ЖККУнун башкы катчысы "Достук" ордени менен сыйланды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.11.25 /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – "Достук" ордени менен сыйланды.

Сыйлык бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда тапшырылды.

Аталган сыйлык мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин жана олуттуу салымын таануу иретинде берилгендиги белгиленди.