ЖККУ жыйынынын жыйынтыгында 15 документке кол коюлду – тизме

Президент Загрузка... 27 Ноябрь 2025 15:34
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарында өткөн кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин – Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө" ЖККУ ЖКК билдирүүcү;
  • "Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун башкы катчысы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын төрагасы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн" медалы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата Бюджетинин аткарылышы боюнча отчет тууралуу" ЖККУ ЖКК чечими;
  • "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата бюджети тууралуу" ЖККУ ЖКК чечими.