ЖКККББнын маалыматтык базасы эмне үчүн иштебей жатат? Жооп

Коом Загрузка... 13 Май 2025 15:15
WhatsApp Image 2025-05-13 at 12.11.39.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/.Бишкек шаарында троллейбус линияларын демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында интернет зымдарын да оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматтык базасы убактылуу иштебей калды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, учурда бардык техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана жакынкы убакытта маалыматтык база толук калыбына келтирилет.

Белгилей кетсек, троллейбус линияларын демонтаждоо жана оңдоо иштери шаардык транспорттук инфраструктураны жаңыртуу жана модернизациялоо максатында жүргүзүлүп жатат.