Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. 30 жылдан бери чечилбей келген чек араны делимитациялоо маселесинин чечилиши – тарыхый учур. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин “Ыйман нуру” партиясынын депутаты Эрнис Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, ушул отуз жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик чек ара маселеси өтө оор жана кылдаттык менен чечиле турган маселелердин бири болуп келген.
“Чек ара маселесин чечүү чоң иш жана чоң жеңиш экенин элдин баары көрүп, түшүнүп жатат. Кыргыз-тажик чек ара маселесинде жеңгендер да, жеңилгендер да жок. Бардык маселелер адилеттүү жана негиздүү чечилди десек болот. Мында мурда талаш жаратып келген чек арага жакын жашаган карапайым калк жеңди. Чек ара маселелерин чечип, тынчтыкты, бейпил жашоону камсыз кылууну суранган карыяларыбыздын каалоо-тилеги жеңишке жетти”, - деген эл өкүлү бул тарыхый учур экенин, азыркы мамлекет башында турган жетекчилер тарыхта калаарын белгиледи.
Айдаралиев билдиргендей, азыр айрым адамдар бул маселени козгоп, Кыргызстан тажиктерге көбүрөөк жер берип койду деп жатат.
"Бул туура эмес. Жөн эле өздөрүнө упай топтоп, элди адаштыргысы келип жатат”, - деди ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый келишимге кол коюшкан. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү өтүп, Тажикстандын делегациясын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жетектеген.