Жибек жолундагы көпүрөнүн курулушу: Мэр подрядчыны алмаштырууну тапшырды

Коом 20 январь 2026 16:17
WhatsApp_Image_L3aUrDy.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_whRWl6V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_L3aUrDy.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_whRWl6V.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жибек жолу проспектисинде көпүрө куруп жаткан подрядчыны алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн мэрдин борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилердин иштери менен таанышуу үчүн чыккан көчмө жыйыны учурунда белгилүү болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объектте сапатсыз тосмолор аныкталган, буга байланыштуу калаа башчысы кыска мөөнөттө подряддык уюм менен келишимди бузууну тапшырды. Ошондой эле дарыянын нугун бойлой жайгашкан объекттердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тапшырма берилди.

Белгиленгендей, жаңы көпүрө алты тилкелүү болот. Долбоордо унаа токтотуучу жайларды, анын ичинде таксилер үчүн орундарды уюштуруу тилкелери каралган.