Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Жездин баасы жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, жез биринчи жолу тоннасына 12 миң доллардан жогору сатылды.
Лондон металл биржасында (LME) жездин баасы 1%га жогорулап, тоннасына 12 059 долларды түздү.
Жыл башынан бери металл болжол менен 37%га жогорулаган. Эгерде ушул эле тенденция жылдын аягына чейик сакталса, бул 2009-жылдан берки эң жогорку өсүш болот.