Жети облуста тең “Акылман” лицейлери ачылат – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 13:15
WhatsApp Image 2025-12-17 at 12.43.51.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Жети облуста тең “Акылман” лицейлери ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Президент белгилегендей, учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат.

“Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат.

Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот. Азыр Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат”, - деди Садыр Жапаров.