Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Күз келип, күн суукташы менен курч вирустук оорулар менен бирге сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Учурда жаш-кары дебей Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышууда. “Кабар” агенттиги аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевден бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы боюнча маек курду.

— Учурда ооруканада канча бейтап дарыланууда?
— Биздин ооруканага кайрылгандардын саны көбөйүп жатат. Себеп дегенде, күн сууктаганына байланыштуу курч мүнөздөгү вирустук дем алуу органдарынын оорулары жогорулайт. Бизге кайрылгандардын көбү жаш балдар. Бир сутканын ичинде ооруканага кайрылгандардын саны 370ке жетти. Алардын ичинен 128и ооруканага жаткырылды. Анын 121и жаш балдар. Жетөө чоң киши. Учурда ооруканада жалпысынан 570 бейтап дарыланып жатат. Биздин оорукана 500 орунга ылайыкталган. Бейтаптардын саны көбөйүп жаткандыктан, кошумча орундарды ачтык.
— Бейтаптардын абалы кандай?
— Биз бейтаптарды көрсөтмөлөрүнө жараша ооруканага жаткырчуларын жаткырып, айрымдарын үйүнө дарыланууга жиберебиз. Оор абалда келгендердин саны көбөйүп жатат. Анткени ата-энелер өз алдынча дарылап, же болбосо башка бирөөлөрдөн угуп алып дары-дармек берип, үйдө көп кармап коюп жатышат. Ошондуктан тарамыштары тырышып, же болбосо дем алганы начарлап калганда келишүүдө. Курч мүнөздөгү вирустук дем алуу органдарынын ооруларына чалдыккандар басымдуулук кылууда. 570 бейтаптын 453ү ушул илдет менен жаткандар. Калгандары сарык, ич өткөк, суу чечек жана башка илдетке кабылгандар. Жандандыруу бөлүмүндө жети бейтап жатат. Баары тең жаш балдар.

— Ата-энелерге кеп-кеңештериңизди айта кетсеңиз?
— Ата-энелерге кайрылып кетсем, балдарды көбүнчө жабык оюн-зоок жайларына алып барбаганга, коомдук транспортко көп түшүрбөгөнгө аракет кылыш керек, ошондой эле үйдү, мектеп, бала бакчаларды дайыма желдетип, тазалап туруу зарыл. Көчөдөн келгенде балдардын колдорун жуудуруп, кийинткенде өтө калың, өтө жука эмес, үшүп калбагандай кийгизүү кажет. Эгерде үйдө бирөө ооруп калса, мүмкүнчүлүк болсо, өзүнчө бөлмөгө жаткырып, өз алдынча дарылабай, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Медицина кызматкерлеринин гана көрсөтмөлөрүнө жараша дарылануу шарт.