Өлкөдө унаа жолдордун кеңейтилип, жаңыланышы жалпы экономиканын жана аймактардын өнүгүшүнө жаңы дем берүүдө. Инфраструктурага багытталган ири долбоорлор калктын каттамын жеңилдетип, ички байланыштарды чыңдайт. Ошол эле учурда жетүүгө кыйын аймактарга алып баруучу жолдор да акырындык менен иретке келтириле баштады.
“Зарыл ишиң болбосо Зардалыга эмне бар?” деген лакап сөздүн чыгышы да жөн жерден эмес. Көп жылдар бою Зардалынын тургундары олуттуу жол азабын тартып келишкен. Эми бул көрүнүш өзгөрүп, алардын каттамы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, 30 метрлик көпүрө салынып, жол инфраструктурасы жаңыртылууда.

Зардалы айылы - Баткендин бийик тоолорунда жайгашкан, жетүүгө татаал аймактагы айыл болгондуктан, бул долбоор жергиликтүү эл үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Өлкөдө жасалып жаткан алгылыктуу иштердин бири катары – аталган айылдын Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы жолу аяктоо алдында турат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, узундугу 17,5 чакырым болгон жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери толук бүтүп, саналуу күндөрдөн кийин пайдаланууга берилет.
6-декабрда транспорт министри Абсаттар Сыргабаев курулуштун жүрүшү менен жеринен таанышты. Анда жол менен катар узундугу 30 метрге жеткен жаңы көпүрөнүн курулушу 95%га аяктаганы белгилүү болду.

"Зардалы жолу – бул президенттин тапшырмасы болчу. Анын максаты – жергиликтүү тургундарга шарт түзүп берүү эле. Жолдун өзү жардыруу иштери менен коштолуп, кыйынчылык менен салынды. Бүгүнкү күндө айылга эки тараптуу жол ачылууда. Курулуп жаткан көпүрөнүн дагы эки күнчөлүк жумуштары калды. Болжол менен он күндүн ичинде Зардалынын жолу толугу менен ачылып, колдонууга берилет”,-деп айтты ал.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына болгон иш сапарында келерки жылы кыштакка туруктуу жол салуу башталарын, ошондой эле электр энергиясын жеткирүү жана чакан ГЭС куруу пландары бар экенин билдирген.

Ошондой эле өлкө аймагында Зардалы сыяктуу башка дагы жетүүгө кыйын болгон, татаал шарттагы жолдор бар. Алардын бири - Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылын кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел көзөмөл ѳткѳрүү пункту менен байланыштырган жол. Анын жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт жана курулушу дээрлик 5 жылга созулат деп белгиленүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, долбоордо жолдун категориясын өзгөртүү, 2 туннель жана 30дан ашык көпүрөлөрдү, кар көчкүдөн сактоочу галереяларды, таш кулоо жана сел тосмолорун куруу каралган.
Андан сырткары, эки комплекстүү тейлөө зонасы курулат. Алардын негизги объектилери - унаа токтоочу жана май куюучу жайлар, электр унааларын кубаттоочу станция, тейлөө объектилери, соода имараттары, ошондой эле жол тейлөө ишканалары үчүн кеңселер жана кампалар салынары пландаштырылууда.

Эске салсак, 2024-жылы Барскоон-Үч-Турпан-Аксу эл аралык коридорун салуу жумуштары башталып, Бедел көзөмөл өткөрүү пунктуна барчу 58 чакырым убактылуу жолдун курулушу ишке ашырылган.
Ошондой эле барууга татаал жолдордун арасында Каракол – Эңилчек унаа жолунда мобилизациялык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда унаа жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзѳт. 2021-жылы өлкө аймагында - 175, 2022-жылы - 488, ал эми 2023-жылы - 673, 2024-жылы - 802 чакырым жолго асфальт төшөлүп, жаңы салынган. Ал эми 2025-жылы асфальт төшөлгөн жана жаңы салынган жолдордун жалпы узундугу 1400 чакырымдан ашты.
Ошондой эле акыркы жылдары алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө. Атап айтканда акыркы жылдары жалпы 750 атайын техника сатып алынган жана 2026-жылы дагы 484 атайын техника сатып алынуусу күтүлүүдө.