Жеринен таанышуу: Байсалов Бишкектеги №68 мектепке барды

Билим 11 Декабрь 2025 18:40
597308702_1301564372017304_4866474337343519163_n.jpg
597822256_1301564695350605_3444569887538418587_n.jpg
596803587_1301564328683975_19110077993021112_n.jpg
595861413_1301564452017296_6685170218405585625_n.jpg
597227440_1301564202017321_40361300617707077_n.jpg
595913887_1301564382017303_2717426046302975890_n.jpg
595869719_1301564265350648_1069466425175876928_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №68 мектепке барды.

Иш-чарага агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева да катышты.

Иш сапардын алкагында Эдил Байсалов мектептин мугалимдер жамааты, анын ичинде башталгыч класстардын окутуучулары менен жолугуп, билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү тууралуу пикир алышты.

Мугалимдер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдирип, учурдагы жаңылануу процесстерине байланышкан суроолорун талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жолугушуунун негизги максаты — мектептердеги өзгөрүүлөрдүн жүрүшү менен жеринен таанышуу жана педагогдордун пикирин угуу экенин белгиледи.