Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Жылдын эң чоң астероиддеринин бири бейшемби күнү Жерден Айдын орбитасынын диаметринен бир аз чоңураак аралыкта өтө турганын РИА Новостиге Россия Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясынан кабарлашты.
Окумуштуулардын айтымында, бул асман телосунун орточо көлөмү 166 метрди түзөт, ал эми узундугу 290 метрге чейин жетет. Анын массасы Челябинск метеоритинин массасынан болжол менен 1000 эсе чоң.
"Жылдын эң чоң астероиддеринин бири 2025 FA22 эртең, 18-сентябрда Жерден Айдын орбитасынын диаметринен бир аз чоңураак аралыкта өтүп, планетага Москва убактысы боюнча саат 10:00гө жакын минималдуу аралыкта жакындайт", — деп айтылат маалыматта.